“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого, ардак
наамдарын ыйгарууга жана мамлекеттик сый акыларды берүүгө мораторий
киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын
14-августундагы № 237 Жарлыгынын 2-пунктунда мораторий мезгилинде өзгөчө
учурларда мамлекетке жана коомго сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн мамлекеттик
сыйлыктар менен сыйлоо, ардак наамдарды ыйгаруу жана мамлекеттик сый
акыларды берүү маселеси белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын
Президентинин демилгеси боюнча гана каралышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин
тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын
3-апрелиндеги № 88 Жарлыгы менен бекитилген Жобонун 60-пунктунун негизинде
“Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоого көп балалуу
энелердин сыйлоо материалдары 2025-жылдын 15-ноябрынан тартып
2025-жылдын 1-декабрына чейин Сузак райондук мамлекеттик администрациясы
тарабынан “Мамлекеттик сыйлыктар” автоматташтырылган маалыматтык система
аркылуу кабыл алынарын маалымдайбыз. Жогоруда жазылгандардын негизинде
2026-жылга карата көп балалуу энелердин сыйлоо материалдарын кабыл алууну
улантууну билдиребиз.